Тогуз-Торо районунда укук коргоо органдарынын Координациялык кеңешмеси өттү

Район акими Манас Мураталиев райондук мамлекеттик администрациясында координациялык кеңешме өткөрдү. Ага координациялык кеңешменин курамы, жол кыймылынын коопсуздугунун инспектору, райондогу жалпы билим берүүчү орто мектептердин, бала бакчалардын жетекчилери, укук коргоо органдары, эмгек жана социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери, айыл аймактардын катчылары жана соцадистер катышты.
Кеңешмеде “2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугунун улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө” район аймагында аткарылуусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо тобунун улук инспектору Темир Абдыкалыков, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоонун аракетин көрүү, укук бузууларга каршы алдын алуу багытында аткарылган иш-аркеттер боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Тимур Турдукуловдор баяндама жасап, бул багытта ыкчам аракеттер көрүлүп жаткандыгын баса белгилешти.
Район акими баяндамачылар тарабынан жасалган докладдар канчалык деңгээлде ишке ашып жаткандыгы туурасында жетекчилердин аткарган ишине баа бериле тургандыгын баса белгилеп, тиешелүү кызматтарга мектеп окуучуларына көзөмөлдү күчөтүү менен кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча тапшырмаларды берди.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply