Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясында ишкердик субъектилердин укугун коргоо боюнча район прокурору Айыпбек Мамытов “Ишкердик субъекттилерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө маалымат берип, ишкерлердин суроолоруна жооп берди.
Прокурор Айыпбек Мамытов ишкердик субъекттердин экономикалык ишин турукташтыруу, бизнес-чөйрөнү андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, инвестициялык климатты тартуу жана жакшыртуу, ишкердик субъекттердин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүн жоюу максатында жыл башынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин текшерүүгө тыюу салынгандыгын белгиледи.
Укук коргоо органдары жана салык кызматынан прокуратура кызматкерлери тарабынан негизсиз текшерүүлөр болсо атайын ишеним 03738 50006 телефонуна чалса болот жана “Бизнести коргоо” мобильдик тиркемеси боюнча колдонуу тууралуу маалымат берилди.