2024-жылдын 22-август күнү Тогуз-Торо районунун аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаңыдан дайындалган айыл башчылардын квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу өткөрүлдү.
Окуунун негизги максаты 2024-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчилигинде болгон кеңешменин протоколунда 12-пунктуна ылайык жаңыдан дайындалган айыл башчылардын квалификациясын жогорулатууга багытталган.
Окууну Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынан тренер-эксперт К.А.Иманов, Жергиликтүу өз алдынча башкаруулардын Союзунун муниципалдык кызмат өтөө боюнча эксперти А.И.Бурканова жана жер маселелери боюнча эксперти Э.А.Байгатаева өтүштү.
Ага Тогуз-Торо районунун аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаңыдан дайындалган айыл башчылары катышып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча өзүлөрүнүн квалификациясын жогорулатышты.
Веб сайттан издөө
-
Акыркы документтер
- Тогуз-Торо районунда 9-май Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.
- Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата 80 карагайдын көчөтү тигилди
- Тогуз-Торо районунда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32 жылдыгы белгиленди
- “Идеядан инновацияга-жаштардын жаңы мүмкүнчүлүктөрү” аталышындагы Жаштар форуму
- «Жылдын мыкты тарбиячысы – 2025» сынагы жыйынтыкталды!
Жаңылыктар календары
Пайдалуу шилтемелер:
- Коррупцияны алдын-алуу боюнча ишеним телефону (0312) 66-00-20, (0312) 66-04-75, (03738) 5 -02-07
aks.gknb@gmail.com
- Коррупцияны алдын-алуу боюнча ишеним телефону (0312) 66-00-20, (0312) 66-04-75, (03738) 5 -02-07