Тогуз-Торо районунда конок үйлөр эл аралык веб-сайтка катталды

Тогуз-Торо районунда конок үйлөр эл аралык веб-сайтка катталды
Казарман айылында “Седеп” долбоорунун алкагында райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында туризм жаатындагы жаңыдан ишкердик баштап жаткан конок үй ээлерине окутуу өткөрүлдү.
Ага район акими Манас Мураталиев, туризм жаатындагы ишкерлер катышты.
Окутууда конок үйлөр жана боз үйлөр шаарчаларынын ээлери үчүн эл аралык брондоо жүргүзүлгөн веб-сайттарда Booking.com, Google.maps жана Tripadvisor сайттарына каттоо жана өз бизнестерин өнүктүрүү боюнча бир катар практикалык тренинг өткөрүлдү.
Райондо жайгашкан 25 иштеп жаткан жана жаңыдан ачылган конок үйдүн жана боз үй ээлери Booking.com сайтында катталды🪩
“Чет өлкөлүк туристтерди онлайн брондоо аркылуу тартуу конок үйлөрдүн бөлмөлөрүнүн көбүрөөк ижарага алынышына алып келип, сарпталган каражаттардан көбүрөөк киреше чыгарып алганга мүмкүнчүлүк берет. Мейманканалардагы бөлмөлөрдү брондоо системасында дүйнөдөгү алдыңкы веб-сайттарынын бири болгон Booking.com сайтында күнүгө 1.2 милиондон ашык түнөп калуулар катталат. Кыргызстандык ишмерлер конок үйлөрүн жана боз үй лагерлерин бул онлайн платформада жарнамалоону баштап, брондоо системасын оңойураак жүргүзө алышат. Казармандагы «Казарман Монте», «Роза», «Ислам» сыяктуу конок үй ээлеринин тажрыйбасын мисалга ала турган болсок, жайкы туризм сезон убагында алар резервациялардын 40 пайызын Booking.com сайты аркылуу брондошо тургандыгы” – боюнча айтып беришти.
“Мен иштеткен конок үйүмдү көптөн бери Booking.com сайтында каттай албай жүрдүм. Тренинг учурунда конок үйүм бат эле катталды. Мен эми эл аралык резервацияларды түздөн-түз жүргүзө алам”, – деди Жанара айым, ал «Кара-Суу Plase for tourists» туристтер үчүн эс алуучу жайдын жана конок үйдүн ээси.
«СЕДЕП» долбоору туристтик кызматтардын сапатын жогорулатуу ,жергиликтүү туризм тармагында иш алып барган бизнес ээлерине эл аралык стандарттарга жооп берүү жана алардын башын бириктирүү максатын көздөйт.
________________
«СЕДЕП» долбоору Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фонду тарабынан Pro.NGO! e.V. уюму (Кельн, Германия) менен өнөктөштүктө аткарылууда
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply