Кыргыз Ресупбликасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев Тогуз-Торо районунун эли менен жолугушту

Бакыт Торобаев Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолугушту
Жыйынга Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев баштаган бийлик өкүлдөрү, 200гө жакын жергиликтүү тургундар катышты. Анда жалпы 30 адам сөзгө чыгып, 45 маселе көтөрүлдү. Алгач тургундарга Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев райондо аткарылып жаткан иш-аракеттер жана пландар тууралуу маалымат берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун тургундары  социалдык, инфраструктуралык багыттагы бир катар көйгөйлөрдү, сүт багытындагы асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү, жайыт, таза суу жана укуктук жеке маселелери боюнча көйгөйлөрдү айтышты.
Бакыт Төрөбаев жыйында көтөрүлгөн ар бир көйгөйлөр каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынаарын айтты. Ал ошондой эле соңку жылдары мамлекетте жасалып жаткан ири реформаларга токтолуп, Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунун ачылышы, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулуусу менен райондун өнүгүү потенциалы жогорулаарын кошумчалады.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply