Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери райондо жайгашкан коомдук тамактануу жайларынын өрт коопсуздугун жана санитардык абалын текшеришти.
Текшерүү учурунда ашканалардын, көл жээгиндеги жайкы эс алуучу жайлардын санитардык абалы талапка жооп бербей, тамак-аш жана өрт коопсуздук эрежелери сакталбаган.
Адистер тарабынан кемчиликтерди жеринде жоюу жана санитардык абалга, өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча жеке ишкерлерге эскертүүлөр берилди.