2024-жылдын 24-июлунда Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель фондусунун уюштуруусу жана Тогуз-Торо райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Чолпонай Женишованын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” Типтүү нускаманын негизинде райондун аймагындагы мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иш кагаздарын жүргүзүү деген темада микротренинг ɵткɵрүлдү. Тренингге Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Т.Т. Салиманов, райондогу иш кагаздарын жүргүзгөн мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер жана кадрлар резервине кирүүгө же аттестациядан өтүүгө даярданып жаткан адистер катышты. Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга иш кагаздарын Нускаманын негизинде жүргүзүүдөн сырткары, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы жана “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасынын иштеши тууралуу окуу өткөрүлдү.