Өзгөчө кырдаалдарга карата даярдыкты жогорулатуу, аларды пайда кылуучу табигый кырсыктарды, экологиялык жана башка коркунучтарды алдын-алуу, ошондой эле адамдардын өмүрүнө жаралган коркунучтарды тез аранын ичинде жоюу жана күтүлбөгөн окуяларды алдын алуу максатында 2024-жылдын 16-июль күнү Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы М.М Мураталиевдин жана райондук мамлекеттик администрация башчысынын 1-орун басары Т.Арун уулунун катышуусунда Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө издөө-куткаруу иштерине керектелүүчү шаймандар тапшырылды.
Иш-чарага “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу” мекемесинин директору жана байкоочу кенештин мүчөлөрү, ошондой эле Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы катышты
Издөө-куткаруу иштерине керектелүүчү шаймандардарга керектелүүчү каражат “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу” мекемеси тарабынан каржыланып, жалпы наркы 729,0 миң сомду түздү.