Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 2023-жыл ичинде район аймагында аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча жарандык коргонуунун жыйыны өттү. Ага райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Табылды Салиманов, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мелисбек Токтобеков жана жарандык коргонуунун мүчөлөрү катышты.
Анда район боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан аткарылган иштер боюнча маалымат берилди.
Соңунда өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда, алдын алууда алгылыктуу иш алып баргандыгы үчүн кызматкерлерге “Алкыш баракчасы” тапшырылды.