Ага акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Венера Эпеева, айылдык кеңештин айым депутаттары, жана айылдык комитеттердин мүчөлөрү катышты.
Райондук аялдар кеңешинин төрайымы Венера Эпеева аялдар кеңешинин 2023-жылы аткарылган иштери боюнча маалыматын берип, 2024-жылга карата түзүлгөн иш-пландары тааныштырылып, суроо жооптор менен талкууланды.
Жыйынтыгында айыл аймактарындагы аялдар кеңештеринин маалыматтары угулуп, учурдагы көйгөйлөр талкууланды. Алар ашыкча ысырапкорчулук, аялдардын ишкердүүлүн колдоо, үй-бүлөлүк баалуулуктар, айыл жергесинде аялдарды медициналык кароодон өткөрүү жана башка көйгөйлүү маселелер талкууланып, алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча сунуштар айтылды.