Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын Чет-Булак айылындагы №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.
Мектептин ачылышына Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, Каргалык айыл аймагынын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Алтынбек Жарбашов, Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Таалай Токтоболотов, мекеме ишканалардын жетекчилери, райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Жапарали Казыбаев айыл тургундары, мугалимдер жана окуучулар катышты.
Мектеп 225 орунга ылайыкташтырылып, 237 билим алуудагы бардык шарттар түзүлгөн: спорт залы, ашкана, китепкана жана 13 класс бар.
Аталган мектептин курулушу иштери 2014-жылы башталып, токтоп турган. 2021-жылы курулушу жанданып, мектептин айланасы тосулуп, көрктөндүрүлгөн.
√8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 25 мугалим 237 балага тарбия берип келет. Алар, буга чейин авариялык абалдагы мектепте билим алып келишкен.
Белгилей кетсек, район боюнча жалпы 14 мектеп, 14 бала бакча бар.