Ага акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова айыл аймактардын өкмөт башчылары, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери, комиссия мүчөлөрү, туристтерди кабыл алган жайлардын өкүлдөрү жана жеке ишкерлер катышты.
Алгач Тогуз-Торо районунда 2023-жылда аткарылган жумуштар жайкы туризмди өнүктүрүү боюнча жыл ичинде аткарылган иштер боюнча акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова видео слайд менен маалымат берди.
Соңунда 2024-жылга коюлган иш пландын негизинде алдыда жайкы туристтик мезгил убагында айлана-чөйрөнү тазалоо, тейлөө сапатын жакшыртуу, “Саймалуу-Таш”, “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркынын айланасында корукка алынган жерлерде көзөмөлдү күчөтүү, район аймагында туристтик инфраструктуранын жакшыртуу боюнча талкууланып, тийиштүү мекеме ишканалардын жетекчилерине тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек быйыл районго жалпы 2000ден ашуун турист келген.