«Атам, апам жана мен» бала бакчада таймаш өттү

Казарман айылынын Келечек мектепке чейинки билим берүүчү уюмунун жогорку тайпанын ата-энелери арасында «Атам, апам жана мен» кышкы оюндар менен таймаш өткөрүлдү
Таймашка акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев, мугалимдер жана ата-энелер катышты.
Мелдешке бала бакчанын тарбиялануучулары жана ата-энелери менен 8 оюнчудан 2 команда “Ала-Тоо”, “Авангард” командасы күч сынашты.
Оюндун максаты сергек жашоого үндөө жана балдардын дүйнө таанымын өркүндөтүү болуп саналат.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply