Райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында “Элдик кеңеш” райондук ардагерлердин жыйыны өттү. Ага акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, Жалал-Абад облусу боюнча ардагерлер кеңешинин төрагасы Эрмамат Кожокматов, райондук аксакалдар кеңешинин Жапаралы Казыбаев, элдик кеңештин мүчөлөрү
жана аксакалдар катышты.
Жыйында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жана ашыкча чыгымга жол бербөө максатында жарандардын социалдык жана экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукту болтурбоо боюнча маалымат берилди.
Жалал-Абад облусу боюнча ардагерлер кеңешинин төрагасы Эрмамат Кожокматов райондогу аксакалдарды айыл аймактарындын милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл башчылары менен биргеликте түшүндүрүү иштерине колдоо көрсөтүү жана көңүл кош мамиле кылбоо, туура эмес диний ырым-жырымдардан арылуу учурдун зарылчылыгы экенин жеткирүү экенинин баса белгилеп биргеликте иш алып барууга чакырды.