Тогуз-Торо районунда Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун демилгеси менен “Алтын чөйчөк Тогуз-Торо” Куттуу Эл улуттук форуму өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун демилгеси менен Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда “Алтын чөйчөк Тогуз-Торо” Куттуу Эл улуттук форуму болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө», «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыктарын жана 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруунун алкагында 2022-жылдан бери облустарда “Куттуу эл” улуттук форуму Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун демилгеси менен өткөрүлүп келе жатат.
“Куттуу эл” форуму алгачкы жолу Ош шаарында, андан кийин, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жана Балыкчы шаарында өттү.
Бул ирет өлкө аймагындагы райондор арасында биринчи болуп Тогуз-Торо районунда “Алтын чөйчөк Тогуз-Торо” Куттуу Эл аталашында болуп өттү.
Форумдун алкагында улуттук баалуулуктарды даңазалоодон сырткары, Саймалуу-Таш ачык асман алдындагы тарыхый этнографиялык музейди чагылдырган кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрү уюштурулуп, өнөр адамдарынын таланттары тартууланды.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply