Рейдге райондук мамлекеттик администрациясынын, ички иштер бөлүмүнүн, райондук Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери катышты.
Рейд учуруда райондогу соода дүкөндөрдө, базар ичинде, суу жээгинде жайгашкан жайкы эс алуучу жана унаа жуучу жайларда жашы 18ге толо элек өспүрүмдөрдүн жумушка тартылуусу боюнча атайын маалыматтык баракчалар таратылып, жумуш берүүчү тарапка түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Рейддин жүрүшүндө жашы жете элек өспүрүмдүн эмгекке тартылуусу катталган жок.
Эскерте кетсек, аталган рейд кечки 20:00дөн кийин түнкү “Өспүрүм -эмгек” рейд өткөрүлөт.





