Виртуалдык кабылдамага жана Коомдук кабылдамага кайрылууну сунуш кылабыз

Виртуалдык кабылдамага жана Коомдук кабылдамага кайрылууну сунуш кылабыз

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-октябрындагы №197 жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2022-жылдын 10-ноябрындагы №78-т тескемелерине ылайык Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясында  Коомдук кабылдама  уюштурулган.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” ПЖ № 1 Жарлыгын жана «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы № 463 токтому менен бекитилген “Электрондук кайрылуулар интернет-порталы аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын веб-сайтында Виртуалдык кабылдама уюштурулган.

Андыктан, көйгөй жараткан маселелер тууралуу арыз-даттанууңуздар, кайрылууңуздар пайда болгон шартта, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын виртуалдык кабылдамасы аркылуу электрондук кайрылуу жөнөтүүнү, же Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын Коомдук кабылдамасына кайрылууну сунуш кылабыз.

Виртуалдык кабылдамага келип түшкөн Сиздин электрондук кайрылууңуз жана Коомдук кабылдамага келип түшкөн кайрылууңуз, ишеним телефонуна кайрылган кайрылууңуз «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана жогорудагы Жобонун талаптарына туура келген учурда милдеттүү түрдө каралып, мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө Сизге жообу берилет.

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply