2023-жылдын 14-февралынан тартып жааган калың карды тазалоо
2023-жылдын 14-февралынан тартып аба ырайы кескин өзгөрүп, кардын калың жаашына байланыштуу райондук №18 ЖТИ тарабынан Казарман-Акталчат автожолуна, Дөдөмөл – Кош-Булак айылдарында эки ирээт 43-чакырымына чейин жолду кардан тазалоо жана Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун 243-291-чакырымдарында эки ирээт кар тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле Бирдик-Арал – Карл-Маркс айылдарынын аралыгындагы жолдор, Кара-Суу-Өрнөк-Дөдөмөл автожолун кардан тазалоо үчүн автогрейдер жөнөтүлүп, жолдор тазаланды.
Казарман-Акталчат автожолунун Ак-Союл участкасынын 18-25 чакырымына 1500м3 кар көчкү түшүп, тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Мындан сырткары 16-февралдан 17-февралга караган түнү саат 24:00 дөн саат 5:00гө чейин “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынан атайын техника алынып, Чет-Булак айылынын ички жолдору тазаланды.
Ал эми «Макмалалтын» филиалынын техникасы менен Казармандан Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн Кара-Талаа участкасына баруучу автожол кардан тазаланды.