Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму
2022-жылдын 7-февраль күнү Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өтүп, “Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык абалы боюнча 2022-жылдын 12 айына карата аткарылган жумуштар жана 2023-жылга коюлган милдеттер тууралуу” маселе каралды. Коллегиянын жыйынтыгы менен токтом кабыл алынып, айыл өкмөттөрүнө жана мекеме-ишканаларга 2023-жылга карата тиешелүү тапшырмалар милдеттендирилип, айрым жетекчилерге тартиптик чаралар колдонулду.