Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!
Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жана өзүмдүн атымдан чың жүрөктөн куттуктаймын!
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын мамлекетибиздин өнүгүүсүндөгү ролу жана мааниси зор экендиги талашсыз. Анткени бул кызмат өлкөгө таза кызмат кылуунун ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү жолу. Бул кызматты аркалоо – мамлекеттүүлүктү бекемдөө, мекендин кызыкчылыгын коргоо, элдин биримдигин сактоо, коомдун өнүгүүсүнө салым кошуу дегенди түшүндүрөт.
Сиздердин кызмат коомдун интелектуалдуу элитасынын бөлүгү болуу менен, бийлик менен элдин ортосунда өзүнчө бир көпүрөнүн ролун аткарууда десем жаңылышпаймын.
Сиздер аркылуу элдин бийликке карата ишеними жана оң мамилеси анын кесипкөйлүүлүгүнөн, кынтыксыз ишинен, ошондой эле бийик адамдык сапаттарынан көз каранды.
Майрамды утурлай сиздерге бекем ден-соолук, бакубат жашоо жана аркалап жаткан жумушуңуздарда жалаң гана жаратмандыкты каалаймын.
Манас Мураталиев
Тогуз-Торо районунун акими
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply