Тогуз-Торо районунда тигүү цехи ачылды

Райондун Тогуз-Торо айыл аймагынын Ленин айылында тигүү цехи ачылып пайдаланууга берилди.
Тигүү цехинин ачылуу аземине район акими Манас Мураталиев, Тогуз-Торо айыл аймагынын башчысы Марлис Олжотоев, “Тогуз-Торо Өнүктүрүү” фондунун жетекчиси Залкарбек Жаныбеков коноктор жана жергиликтүү тургундар катышты.
Район акими Манас Мураталиев айыл жергесинде кошумча жумуш орундарын түзүп, жарандарга шарт жаратып, өндүрүшкө салым кошуп жатканы үчүн айыл өкмөткө, ишкерлерге ыраазычылык билдирип, жергиликтүү бийлик тарабынан колдоолор көрсөтүлүп тураарын белгиледи.
Жаңы ачылган “Айсейил” тигүү цехине Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан 2 бөлмөлүү имарат бөлүнүп, 30 кыз-келиндер жумуш орду менен камсыз болушкан. Алдыда кошумча бөлмөсүн кеңейтүү алдында турат.
 Белгилей кетсек “Тогуз-Торо Өнүктүрүү” фондунан жергиликтүү ишкерлерди колдоо максатында 2 млн сом үстөк пайызы төмөн кайтарымдуу насыя берилген.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply