Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында “Акысыз юридикалык жардам” акциясы өтүп, жарандарга акысыз юридикалык кеңештер берилди.
Акциянын алкагында жарандарга акысыз юридикалык жардам алууга мүмкүнчүлүктөр жаратылып, пенсия, жөлөк пул алуу, жер тилкелерин берүү, юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо боюнча акысыз юридикалык кенештер берилди.