Тогуз-Торо районунда медицина кызматкерлеринин майрамы белгиленди.

Тогуз-Торо районунда медицина кызматкерлеринин майрамы белгиленди. Ага Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, райондук А/Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун директору Дурия Абдылдаева, райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Асем Садырова, айыл өкмөттүн жана медицина тармагынын кызматкерлери катышты.
Иш-чарада аким Манас Мураталиев дарыгерлердин кесиптик майрамы менен куттуктап, элдин саламаттыгына кам көрүп, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө чакырды.
Оорукананын Соматика бөлүмүнүн башчысы дарыгер Канышай Мамыровга Египетке 7 күнгө, улуу медайым Күмүшкан Кыргызбаевага Өзбекстанга 7 күнгө жолдомо берип, бир катар медицина кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырды.
Мындан сырткары айыл өкмөттөр, оорукананын профсоюзу тарабынан сыйлыктар жана акчалай белектер тапшырылып, майрамдык иш-чара тартууланды.
Тогуз-Торо районунда ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 7 ФАП, райондук оорукана 200дөн ашуун медицина кызматкерлери калкка кызмат көрсөтүп келет.
Эске салсак былтыр Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиевдин демилгеси менен “Жыл мугалими 2023” райондук, облустук турдан 1-орунду багындырган жана республикалык сынактын катышуучусу Забида Кулубаевага Турцияга, “Жыл тарбиячысы 2023” Кубанычбек кызы Наргиза Ысык-Көлдүн “Кыргыз деңиз жээги” санаториясына алты күндүк жолдомо берилген.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply