Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактайлы!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы №513 “2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы жана Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетүү боюнча 2022-2024-жылдарга улуттук иш-аракеттер планы жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында райондо аялдарга карата зордук-зомбулукка бөгөт коюу боюнча түзүлгөн иш-чара планына ылайык Тогуз-Торо райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, жергиликтүү субъектүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып барат.
Кыргыз Республикасынын 27.04.2017-ж. №63 “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандары, (анын ичинде аялдар, жашы жете элек балдары менен жабыр тарткандар); жашаган жери боюнча төмөндөгү органдарга жардамга кайрыла алышат:
1) райондук ички иштер бөлүмүнө;
2) райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын ыйгарым укуктуу үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнө;
3) саламаттык сактоонун дарылоо-алдын алуу уюмдарына;
4) билим берүү уюмуна (билим берүү уюмдарынын директоруна, тарбия иштери боюнча башчысына; социалдык педагогуна, психологуна, класс жетекчисине);
5) райондук мамлекеттик администрациясына, айыл өкмөттөргө;
6) коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга (убактылуу жашоо борборлоруна, консультациялык-алдын алуу борборлоруна, кризистик борборлорго).
7) жашаган жери боюнча аксакалдар сотуна да кайрылууга укуктуу.
Райондогу ыйгарым укуктуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмү зомбулукка кабылгандар боюнча төмөндөгү кызматтарды көрсөтөт:
– жабыр тарткан адамды алгачкы сурамжылоо жүргүзүшөт жана журналга катташат;
– кайрылган учурда жабыр тарткан адамдын алгачкы көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшөт (медициналык жардамга, айыл өкмөттөр менен биргеликте коопсуз жерге жайгаштырууга, алгачкы психологиялык, социалдык, укуктук жардам көрсөтүүгө, муктаждыгын аныктоого);
– үй-бүлө мүчөлөрүнүн этибарсыз мамилесинен жабыр тарткандардын (жашы жете электер, улгайган адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар)ж.б
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply