Тогуз-Тородо зомбулуктун алдын алуу багытында жолугушуулар өттү.

Тогуз-Тородо зомбулуктун алдын алуу багытында жолугушуулар өттү.
Райондун 14 жалпы билим берүүчү орто мектептерде мугалимдер, мектеп окуучулары жана ата-энелер менен жолугушуу өткөрүлдү.
Ага акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, прокурордун улук жарламчысы Мирлан Кожоакматов, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Адылбек Абысейитов, райондук билим берүү бөлүмү, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү менен жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү, райондук Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын адистери, айыл өкмөттүн социалдык кызматкери катышты.
Алдын алуу иш-чарасы учурунда үй- бүлөлүк зордук-зомбулуктун, жашы жете электер арасында зордук-зомбулук, басмырлоо, мектеп рекетчилигинин жана башка укук бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Соңунда айылдардагы кожолуктарды текшерүү учурунда алдын алуу түшүндүрүү иштерин милициянын көчмө кабылдамасы менен жүргүзүп, ыкчам байланыш, анонимдүү байланыштар боюнча окуучуларга маалымат берилди
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply