Тогуз-Торо: Координациялык кеңеш жол коопсуздукту талкуулады

Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиевдин жетектөөсүндө коопсуздукту жана укуктук тартибин камсыздоо боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү.
Жыйындын күн тартибинде 6 маселе каралды. Анда райондун аймагында мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берилиши, эненин саламаттыгы жана ымыркайлардын өлүмү, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, менчиктештирилип кеткен билим берүү уюмдарынын имараттары жана жол кыймылынын коопсуздугу боюнча баяндамалар жасалып, коомдук тартипти сактоо боюнча маселелер талкууланды.
Жыйындын соңунда тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилерине тапшырмалар берилди.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply