Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтуна караштуу “Атай” үрөнчүлүк чарбасынын имараты капиталдык ремонттоо иштери жүргүзүлүп, темир тор менен айланасын тосулуп имарат ачылып, пайдаланууга берилди.
Иш-чарага Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, акимдин биринчи басары Арун уулу Темирбек, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун директору Биржан Усубалиев, “Элдик Банк” ААКнун Казарман филиалынын директору Бакыт Аманов, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Тойгонбай Молдобаев жана үрөн чарбанын эмгек жааматы, айыл тургундар катышты.
“Элдик Банк” ААКнун Казарман филиалы тарабынан 2024-жылы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтуна караштуу “Атай” үрөнчүлүк чарбасына 6%дык лизинг аркылуу ZOOMLION үлгүсүндөгү трактор, сеялка, соко алынган. Мындан сырткары үрөн чарбанын өздүк каражатынын эсебинен 400,0 миң сомго Ауди үлгүсүндөгү кызматтык унаа алынды.
Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев алдыңкы 3 жыл ичинде райондун климаттык шартына ылайыкташкан өзүнүн үрөнүн чыгаруу боюнча милдеттер коюлуп, жазгы айдап себүү, күздүк айдап себүү иштеринде айыл чарба техникалары жетиштүү деңгээлде камсыз болуп жакшы кызмат көрсөтөрүн жана кылкандуу дан эгиндеринин аянтын көбөйтүү боюнча тапшырмаларды берди.
Мындай сырткары Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту тарабынан “Атай” үрөнчүлүк чарбасынын жаңы имаратына кошумча материалдык техникалык жабдуулар жана айыл чарбага керектүү методикалык колдонмо китептер тапшырылды.