Каргалык айыл өкмөтү тарабынан карыяларга бөлмө бөлүнүп берилди.

1-октябрь “Улгайган адамдарды коргоонун эл аралык күнүнө” карата Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл өкмөтү тарабынан райондун борборуна 2 бөлмө бөлүнүп, карыларга кам көргөн саамалык өткөрүлдү. Ага акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Зууракан Акунова, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Марлис Олжотоев, райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Жапаралы Казыбаев жана айыл аксакалдары катышты.
Жергиликтүү бийлик 1-октябрь Улгайган адамдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап айыл өкмөт тарабынан каралган бөлмө аксакалдардын баарлашуу аятнчасы болуп, майрамы менен куттуктап, белектерин беришти.
Соңунда майрамга карата сый урмат көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек район аймагында 15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” аттуу бир айлык акция жарыяланган.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply