Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев Кыргызстан Конституцияны кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгы менен куттуктады!

Урматтуу Тогуз-Торо районунун тургундары, кадырлуу кыргыз элим!
Сиздерди Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациянын аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан 5-май Конституция күнү менен куттуктайм!
Кыргызстан Конституцияны кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгын белгилеп жатат. 1993-жылы 5-майы биринчи Конституция кабыл алынган күн катары белгиленип келет.
Конституция Кыргызстандын дүйнө коомчулугунда демократиялык мамлекет катары ордун бекемдөөгө, саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүүгө укуктук негиз болду.
Конституцияда камтылган баалуулуктарды, анын нормаларын бекем сактап, районубузду мындан ары өнүктүрүү биздин негизги милдетибиз.
Ар бириңиздерге бекем ден соолук, бакыт жана жетишкендиктерди каалаймын.
Манас Мураталиев Тогуз-Торо районунун акими.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply