Жумалыктын алкагында райондук А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун медицина кызматкерлери райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте райондо оорусу боюнча каттоодо турган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, балдарды үймө-үй кыдырып медициналык кароодон өткөрүштү.
Мындан сырткары райондогу мектеп бала бакчалардын, мектептердин окуучуларга да медициналык кароо жүргүзүлдү.
“Балдар невропотологу, терапевт, кардиолог, кулак—мурун оорулары боюнча дарыгерлер балдарды көрүп, кеңештерин беришти. Зарылдыкка жараша балдар ультрадобуштуу изилдөөлөрдөн, электрокардиограмма аппараттарынан текшерүүдөн өтүү жана жалпы анализдерин алуу боюнча дарыгердин жолдомосу берилди.