Райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында айылдык муниципиалитетти өнүктүрүү борборунун өкүлү
Базылбек Кармышов социалдык келишим ала турган үй-бүлөлөргө “Финансылык сабаттуулук” аталышында окутуу өткөрүлдү. Ага райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Чолпонай Жеңишова, айыл аймактардын айыл өкмөттөрүнүн соц.кызматкерлери жана тургундар катышты.
Алгач аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу, аларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча адистер тарабынан 70 жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акча каражаттарын туура колдонуу, каржылык маселелерди түшүнүү боюнча маалыматтар айтылып, окутуу суроо-жооп менен улантылды.
Кыргызстанда социалдык келишимдин негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ишкердик баштоосу үчүн 100 000 сомдон акча каражаты берилип келүүдө. Быйыл аталган долбоордун 3-этабында район аймагында жакыр жашаган дүйнөлүк банк аркылуу 50, республикалык бюджеттен 140 үй-бүлөгө квота бекитилип 100миң сомдон берилмекчи.
Эске салсак, Тогуз-Торо районунда 2022-жылы 50 үй-бүлө, 2023-жылы 90 үй-бүлө социалдык контракт долбооруна катышып, жеке ишкердигин баштаган.