Тогуз-Торо районунун аймагында арык, каналдарды тазалоо, жээк бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлдү

Район акими Манас Мураталиев райондогу Кайыңды, кичи Ак-Күп, Долоно жана Доржу каналынын учурдагы абалын жеринен көрдү.
Аким райондук суу чарба башкармалыгына сел арыктарды тазалоо менен жазгы сугат иштерине даярдыктарды көрүү боюнча тапшырмаларды берди
Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн маалыматында учурда 56 миң метр сел сугат каналы кооптуу обьектиде жумуш аткаруу мерчемделген.
Тогуз-Торо айыл аймагындагы сел каналдын 30 миң метр аралыгын казып, тазалоо иштери жүрүүдө. Натыйжада бир бала бакча, мектеп, 200 турак жай жана 50 гектар айыл чарба жерлери корголот.
Учурда сел суу ташкынын алдын алуу максатында райондук суу чарба башкармалыгы, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргеликте райондун аймагындагы сел,суугат жана ички арык каналдарды тазалоо иштери жүрүүдө.

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply