Райондогу жалпы билим берүүчү орто мектебинин жанына ашкананын имаратын куруу иши башталып, пайдубалына капсула салынды. Ага Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, акимдин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек, Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Зууракан Акунова, АРИС уюмунун өкүлдөрү, мектеп жамааты катышты.
Жаңы курулуп жаткан имарат бир кабаттан туруп, анда кол жуучу бөлмө, тамак даярдоочу жана сактоочу бөлмөлөрү жайгашат.
Курулуш АРИС долбоору тарабынан гранттын негизинде акча каражаты бөлүнүп Каргалык айыл өкмөтү тарабынан каржыланат.
Белгилей кетсек аталган мектепте 1037 окуучу билим алса алардын ичинен 1-4-класска чейин 377 окуучуга бир маал ысык тамак берилет