Спорт залдын курулушуна мезгил кутусу салынды.

Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын Казарман айылындагы райондук Отор Чопиев атындагы балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин жанына жаңы спорт залдын курулушуна капсула салынды. Ага Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Зууракан Акунова, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тургундар катышты.
Район акими Манас Мураталиев жаңы салынып жаткан спорттук зал калк үчүн жана өсүп келе жаткан муун үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Имаратта машыгуу залы, атайын бөлмөлөр жайгашып, курулуш иштери 2024-жылдын август айында аяктайт.
Аталган спорт залдын курулушун “Тагай” ЖЧКоому жүргүзүп, Каргалык айыл өкмөтү тарабынан каржыланууда.
Белгилей кетсек, Тогуз-Торо райондук О.Чопиев атындагы балдар өспүрүмдөр спорт мектеби 1976-жылдан бери иштеп келет. Мында бүгүнкү күнү 600дөй бала билим алат, аларды 13 машыктыруучу тарбиялап келет.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply