Тогуз-Торо районунда Конституциянын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгы белгиленди

Тогуз-Торо районунда Конституциянын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгы белгиленди
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясында 5-май-Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ага акимдин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек, акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Табылды Салиманов, айыл аймактардын айыл өкмөт башчылары, мекеме ишканалардын жетекчилери жана тургундар катышты.
Акимдин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек Конституцияда камтылган баалуулуктарды, анын нормаларын бекем сактап, районубузду мындан ары өнүктүрүү жалпыбыздын негизги милдетибиз экенин баса белгилеп, ден соолук, бакты-таалай жана жетишкендиктерди каалады.
Райондук дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан айымдар жана мырзалар арасында жеңил атлетикалык кросс өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылып, маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан майрамдык концерт тартууланды.
Кыргыз Республикасынын биринчи конституциясы 1993-жылы 5-май күнү кабыл алынган.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply