Райондук Токой чарбасы тарабынан Каргалык айылындагы Ак-Мойнок өзөнүнүн 10 гектар жерине тигилди.
Иш-чара КРнын президентинин “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында жаратылыш кырсыктарын жана топурактын эрозиясын алдын алуу максатында уюштурулду.
Көчөт тигүүгө район акими Манас Мураталиев, айыл аймактардын айыл өкмөт башчылары, кызматкерлери, мекеме ишканалардын жетекчилери жана токой кызматкерлери катышты.
Аким өз сөзүндө “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында уюштурулуп жаткан жашылдандырууга жана көчөт тигүугө келген ар бир кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирип, өнөктүктүн эң негизги максаты көрктүү, таза жана табияты кооз жайларды жашылдандыруу жана келечек муунга мурас катары калтыруу болуп саналаарын баса белгиледи.