Тогуз-Торо районунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш чара өткөрүлдү

Тогуз-Торо районунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш чара өткөрүлдү
Казарман айылындагы √1 Тоту Мойдунов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин базасында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Тарых сабактары-тарых барактары” аттуу конференция өткөрүлдү. Ага акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, райондук билим берүү бөлүмү, тарых мугалимдери жана ардагерлер катышты.
Конференцияда тарых мугалимдери тарабынан ачык сабактар, окуучулар арасында “Акыл таймаш” интеллектуалдык таймашы жана тарыхчылар тарабынан Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн баяндаган докладдар окулду жана ошол жылдарды чагылдырган этно көргөзмө көрсөтүлдү
Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 1924-жылы 24-октябрда түзүлүп, 1925-жылы май айында Кыргыз автономиялуу облусуна айланган.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply