“Казарман” көк бөрү боюнча курама командасы республикалык 2-лигада катышкан 16 команданын ичинен 1-орунду камсыздады.

 Ысык-Көлд облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн “Жеңиш кубогу-2024” көк бөрү оюну боюнча жогорку, биринчи жана легендалар лигасынын жыйынтыгы менен Тогуз-Торо районунун “Казарман” курама командасы 1-орунду камсыздады.
Республикалык мелдеште 1-орунду камсыздаган “Казарман” көк бөрү боюнча курама команданы район акими Манас Мураталиев баштаган акимдин орун басарлары, айыл аймактардын айыл өкмөт башчылары, мекеме ишканалардын жетекчилери “Макмал Голд Компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү жана тургундар салтанаттуу тосуп алышты.
Район акими Манас Мураталиев “Казарман” көк бөрү боюнча курама команданын оюнчуларын жана машыктыруучуларын куттуктап, райондун атын чыгарып, кыргыздын желегин алдыдагы дагы дүйнөлүк биринчиликтерде желбиретүү тилектери айтып акчалай сыйлыктарды жана белектерди тапшырды.
“Казарман” көк бөрү боюнча курама командасы 2017-жылы уюшулуп жалпы 12 оюнчусу бар. Команда Токтогул районунун “Толук” командасын 6:1 эсебинде уткан.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply