Тогуз-Торо районунун аймагындагы малдарын жоготкон жана уурдаткан айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүү боюнча жыйын өткөрүлдү
2023-жылдын 6-февралында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчсы-аким М.К.Карагулов, райондун прокурору А.Б.Мамытов жана райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин 1-орун басары Э.Бекташовдун катышуусунда райондо малдарын жоготкон жана уурдаткан айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүү боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйында райондун прокурору тарабынан мал уурулук тууралуу КР Кылмыш-жаза Кодекси боюнча айыл тургундарына түшүндүрмө берди.
Ошондой эле райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин 1-орун басары Э.Бекташовго кылмыштуулуктун алдын алуу, өзгөчө мал уурулукту болтурбоо боюнча тапшырмалар берилди.