Балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борбору ачылды
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык камсыздоо миграция министрлиги жарыялаган “Турмуштун катаал кырдаалына кабылган балдардын санын азайтуу” долбооруна “Казарман келечеги” коомдук уюмунун жетекчиси Г.Өмүрбекова жана мүчөсү Ж.Бараталиева “Аракет”-ДМЧ балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборун ачуу боюнча долбоор өткөрүп утуп алышып, бүгүн долбоордун салтанаттуу түрдө ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким М.К.Карагулов, акимдин орун басары Г.А.Султангазиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.С.Иманбердиев, райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Ж.Казыбаев, Тогуз-Торо районунун жараны демөөрчү, “айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери ж.б катышты. “Аракет” борборуна имарат “Макмалалтын” филиалынын демөөрчүлүгү менен камсыздалып, январь-апрель айына чейин берилди, ал эми коммуналдык чыгымдары Каргалык айыл өкмөтү тарабынан төлөнүүдө.
Ошондой эле, Тогуз-Торо районунун жараны, демөорчү тарабынан райондогу аз камсыз, колдоого муктаж эки үй-бүлөнү: Асылбек кызы Гулинага 2 бөлмөлүү батир эмеректери менен жана Бактыяр кызы Рыскүлгө 1,0 млн сомдук эки бөлмөлүү батир документтери менен тапшырылды.