25-май “Акыркы коңгуроо” аземи райондун 13 мектебинде болуп өттү. Майрамдык иш-чаранын алкагында Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев Атай айыл аймагындагы №6 Бирдик жалпы билим берүүчү орто мектебинде болуп, жалпы бүтүрүүчүлөрдү мектепти аяктап жатканы менен куттуктап, алдыңкы окуучуларга сыйлыктарды тапшырды.
Аким өз сөзүндө окуучулардын алдыда кесип тандоодо ийгиликтерди каалап, келечекте ата-эненин, агартуу тармагынын кызматкерлеринин ишеничин, үмүтүн актаган, мамлекет үчүн ак кызмат өтөгөн, Кыргызстандын атын чыгарган кесипкөй адис болуусуна тилектештигин белгиледи.
Быйыл район боюнча 9-классты 410, ал эми 11-классты 250 окуучу мектепти аяктап жатат.