Райондун Казарман айылындагы Жээнтай Кыдыров атындагы эс алуу паркында 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү.
Иш-чарага Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, акимдин орун басарлары, Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Зууракан Акунова, райондун тургундары жана жеткинчектер катышты.
Аким Манас Мураталиев “Бала бакыт жана биздин келечегибиз, аларды билимге, изденүүгө багыттоо ар бирибиздин милдетибиз, райондун жеткинчектерин ар тараптоо колдоого даяр экенин айтып, майрамы менен куттуктады.
Майрамдын алкагында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен Бишкек шаарынан “Чыпалак” жандуу куурчак театрынын өнөрпоздору балдар үчүн концерттик программа тартуулады
Райондогу бала бакчаларга “Макмал Голд Компани” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан мектепте чейинки билим берүүчү уюмдарга керектелүүчү материалдык-техникалык буюмдар таратылды.
Иш-чаранын жыйынтыгында майрамга келген бардык балдарга акимдин жана Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан балмуздактар таратылды.