Тогуз-Торо районунда бала бакчанын кошумча имараты ачылды

1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата Тогуз-Торо районундагы Казарман айылынын “Айдай” бала бакчасына кошумча музыкалык залдын корпусу бүткөрүлүп пайдаланууга берилди.
Музыкалык залдын ачылуу аземине Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Зууракан Акунова, Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Таалай Токтоболотов жана бала бакчанын кызматкерлери жана тургундар катышты.
“Айдай” бала бакчасы 2011-жылы ачылып, музыкалык залга муктаж болуп келген. бала бакчасы 90 орунга ылайыкташкан. Музакылык залдын имараты Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 4,5 миллион сомдон ашуун каражат сарпталып, кошумча музакылык аппараттары жана материалдык техникалык база менен камсыздалган.
Район акими бала бакчалардагы көйгөйлөрдү чечүүдө жана алардын муктаждыктарын жоюуда аракеттер көрүлүп жатканын айтып, келечек үмүтү болгон балдар бала бакчалардан мыкты билим жана тарбия алып алуусуна тилектештигин билдирди.
Тогуз-Торо районунда жалпы 13 мектепке чейинки билим берүү уюмдары бар.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply