Үйдөн чыкпай туруп Түндүк мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү алыңыз

“Түндүк” тиркемеси аркылуу салык отчетторун тапшырууга, мамлекеттик органдардан маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү алууга болот. Бул документтердин түпнускасын алып жүрбөөгө мүмкүндүк берет. Мисалы, жол кыймылыны көзөмөлдөө инспекторлоруна (МАИ) тиркеме аркылуу автотранспорт башкарууга укук берүүчү күбөлүктү, өздүгүн аныктоочу документти (паспорт) көрсөтсө болот.
Мындан сырткары бүгүнкү күндө электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын жардамы менен төмөндөгү электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү уйдөн чыкпай туруп алсаңыз болот.
– Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымкат алуу
– Кыргыз Республикасынын аймагындагы соттолбогондугу жөнүндө маалымкат алуу үчүн арыз берүү (акысыз)
– Никеге туруу жөнүндө маалыматтар
– Даректик – маалымдама бюросунан маалымат берүү
– Айыл чарба малынын болушу жөнүндө маалыматтар
– Пенсиялык топтоолор (топтолмо пенсиялык фонд) жөнүндө маалымат
– Салык карызынын бар же жок экендигин текшерүү
– Транспорт каражаты тууралуу маалыматтар (+айып салуулардын бардыгы)
– Транспортко салык төлөө боюнча маалымат
– Камсыздандырылган адамдын камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелиниши жөнүндө маалымат (эмгек акы жөнүндө маалымат)
– “Балага сүйүнчү” жөлөкпулун алууга табыштама берүү
Ошондой эле “Түндүк” тутуму боюнча 19 мамлекеттик органдан башка маалымкаттарды жана документтерди ала аласыз.
Эми Электрондук кызматтар порталына кирүү үчүн, калкка кызмат көрсөтүү борборлоруна баруунун кажети жок.
Муну дүйнөнүн каалаган бурчунан онлайн режиминде булут электрондук колтамга алуу аркылуу жасоого болот.
Кантип булут электрондук колтамганы онлайн режиминде алууга болот?
* Плей маркеттен, же Гугл плейден “Түндүк” мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз;

* Кирүү баскычын басыңыз. Андан соң “катталган жоксузбу?” баскычын басыңыз;


* Керектүү маалыматты толтуруңуз • ПИН, паспорттун сериясы жана номери, электрондук почта жана телефон номери);


* Бирдиктүү идентификация тутумунда каттоо эсебин түзүүгө макулдук бериңиз;


* Эрежелерге ылайык сүрөт кошуңуз;


* Сүрөткө тартып, ырастаңыз;


* “Каттоо” баскычын басыңыз;


* Куттуктайбыз! Сиз Булут электрондук кол тамгасын алдыңыз!


* Келишимди көрүү үчүн “Ок” баскычын басыңыз.

Мындан тышкары, Порталдагы жарандын жеке кабинетинде сервис ишке киргизилген, анын жардамы менен жарандар өздүк маалыматтарын өткөрүп берүүнү көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ, б.а. жаран кайсы мамлекеттик органга жана өзүнүн жеке маалыматын кимге өткөрүп бергенин биле алат.
Мамлкеттик портал тарабынан берилген документтер юридикалык күчкө ээ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 “Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-ноябрынын № 573 токтомунун редакциясына ылайык) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген документтерге барабар.
Түндүк мобилдик тиркемесин орнотууну ар бир жаранга сунуш кылабыз.

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply