Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагынын Доржу каналынын 9 км чакырым жери тазаланып суу коё берилди.
Каналды жеринен район акими Манас Мураталиев көрүп, Атай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Аскербек Жаңыбаев Доржу каналы райондогу Чайыр-Талаа айылынын жайыт аянттары сугарылып, тоют камдоодо тургундардын көйгөйү чечилип, 450 гектар жерге суу жетип, сугат иштери жанданганын кошумчалады.
Белгилей кетсек Доржу каналында суунун нугун буруу жана каналдын казуу иштери былтыр октябрь айында башталып, райондогу мекеме ишканалардын жана айыл тургундары кол кабыш кылып, атайын техникалар тартылган.
Аталган канал 30 жылдан бери иштетилбей, каналдын нугу каралбай калган. Доржу каналдын узундугу 14 км, каналдын 9 чакырымына суу тартылып, алдыда калган аралыкта бетондоо иштери жүргүзүлөт.