Тогуз-Торо районунда Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди

Райондук А.Сыдыков атындагы маданият бөлүмүндө Нооруз майрамы белгиленип, маданий майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, айыл аймактардын айыл өкмөт башчылары, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери, тургундар жана коноктор катышты.
Салтанатуу иш-чарага айыл аймактардын айыл өкмөттөрү, мекеме-ишканалар арасында 3 кыргыз боз үйлөрү тигилип, улуттук ордо оюну отту. Улуттук тамак аштардын жана кол өнөрчүлөрдүн сынагы уюштурулуп, райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Маданий иш-чаранын бөлүгүн маданият тармагынын өкүлдөрү тарабынан театралдаштырылган “Кел Ноорузум” – Нур чачып көктөм демиңе, Кут консун кыргыз- элиме! аттуу концерттик программа менен улантылды.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply