Ачылуу аземине район акими Манас Мураталиев, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кадр бөлүмүнүн башчысы Замирбек Абасов, Тогуз-Торо райондук регион аралык 04-09 бөлүмүнүн башчысы Лолита Турдалиева, айыл аймактардын айыл өкмөт башчылары, мекеме ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Аким Манас Мураталиев калкка кызмат көрсөтүүдө кызматкерлерге жана жарандарга шарт түзүү учурдун талабы болууда. Учурунда тар бөлмөдө, кезек күтүү менен кызмат көрсөтүп келген. Эми заманбап шарттар жаратылып, кызматкерлерге жарандарга жеткиликтүү кызмат көрсөтүүгө чакырды.
Тогуз-Торо райондук регион аралык 04-09 бөлүмүнүн имаратын капиталдык ремонттоо иштери Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы- аким Манас Мураталиевдин колдоосу менен «Тогуз-Торо райондук Өнүктүрүү” фондунун каржылоосу менен имаратты капиталдык ремонттон өткөргөн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жаштарды колдоо саясатын ишке ашыруу максатында никеге турган жаш жубайларга арналган «Бакыт өргө» бөлмөсү,
Кардарларга акчалай төлөмдөрдү ыңгайлуу жүргүзүү үчүн имараттын ичинде «Кыргыз Почтасы» кассалык бөлүмү,
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти тарабынан эмеректер, компьютердик жабдуулар жана материалдык-техникалык базасын менен жабдылган .
Соңунда Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин юбилейлик төш белгилер жана нике күбөлүгү, туулгандыгы тууралу күбөлүктөр тапшырылды.
Белгилей кетсек имарат 1980-жылдан баштап эксплуатацияга берилип, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин балансына өткөрүлүп берилген.