Район аймагында кызамыкка эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды.
Эмдөө маалында кызамыкка-кызылчага каршы вакцина сайылат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүүдө.
Өнөктүктүн жүрүшүндө кызамыкка каршы вакцинанын 2 дозасын тең алган балдарды кошпогондо, эмдөөдөн 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы бардык балдар өтөт.
Эмдөөнү райондук ооруканадан үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда жана фельдшердик акушердик пункттарынан акысыз алууга болот.
Маалымат үчүн: Кызамык – коркунучтуу жана өтө жугуштуу вирустук оору. Балдарды кызамыктан коргоп калуунун жалгыз жолу – эмдөө!