Тогуз-Торо районунда «Кургак учукту бирге жеңебиз!» деген аталышта жөө жүрүш өттү.

Жөө жүрүшкө акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, райондук А.Жакишов ЖДТБнун, райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун медицина кызматкерлери, дарыгерлер, Жол кыймылынын коопсуздугу камсыздоо тобунун жана маданият бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.
“Кургак учукту жуктуруп албоо үчүн өздүк гигиенаны туура сактоо, оорунун дагы ачык, жабык түрү болоору, коомдук жайларда жана транспортто этият болуу, коомдо оорулуу адамдарды бөлүп жарууга болбоору тууралуу жөө жүрүштө ак халатчандар ураан чакырышты.
 Үй-бүлөлүк дарыгерлер менен оорунун алдын алуу боюнча мектеп бала бакчаларга эл көп топтолгон жерлерде алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, акысыз рентген аппаратына тартуудан өткөрүлдү.
Эске сала кетсек, район аймагында 24-февралдан 24-мартка чейин кургак учукка каршы күрөшүүнүн бир айлыгы жарыяланган.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply