Райондук √18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүп, жол бир тараптуу ачылды.
Жолдун 70 чакырымында болжолду 120м3 кар көчкөнү тазалоо иштерин жүргүзүп, 72-73 чакырым аралыгында болжолду 1200м3 кар көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүлдү. 82 чакырымында 4800м3 жана 83 чакырымына болжолду 450м3 кар жана 86 чакырымда 2750 жана 90-91 чакырымында 4320м2 кар көчкүнү тазалоо иштерин атайын техникалар тартылган.
Бүгүнкү күнгө жалпы болжолду 16320м3 көлөмдөгү кар көчкү кар күрткүлөр тазаланды. Кардын калындыгынан, 44 чакырымдан 99 чакырымга чейин кар көчкүлөр жана кар күрткүлөр жолду толук бөгөп калгандыктан тазалоо иштери жүргүзүлдү. Кар көчкөнүн кар күрткүнүн калындыгы 70см-8 метрге чейин.
Белгилей кетсек Казарман-Акталчат унаа жолунунун жалпы узундугу 99 чакырымды түзөт